«Таазим сага, мугалим!» аттуу салтанаттуу кече Nº97 темир жолчулар кесиптик лицейинде өттү.
«Таазим сага, мугалим!» аттуу салтанаттуу кече №97 Темир жолчулар кесиптик лицейинде өттү
2025-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарындагы №97 Темир жолчулар кесиптик лицейинде Мугалимдер күнүнө арналган «Таазим сага, мугалим!» аттуу салтанаттуу кече болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды тарбиялап келе жаткан мугалимдерге терең ыраазычылык билдирүү жана алардын коомдогу ордун, талыкпас эмгегин даңазалоо болду.
Салтанатты лицейдин администрациясы ачып берип, мугалимдерге жылуу куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган ырлар, бийлер, сахналык көрүнүштөр жана поэтикалык чыгармалар тартууланды.
Ошондой эле эмгеги жана үлгүлүү ишмердүүлүгү менен айырмаланган мугалимдерге Ардак грамоталар жана сыйлуу белектер тапшырылды.
Иш-чаранын уюштуруучулары мындай майрамдык кечелер мугалимдерге болгон урмат-сыйды арттырып гана тим болбостон, окуучулар үчүн да тарбиялык чоң мааниге ээ экенин белгилешти.