Uncategorized

2026-жылдын 16-январында №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде «Автомобиль кранынын айдоочусу» багыты боюнча кыска мөөнөттүү курстун бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик квалификациялык экзамени болуп өттү.

 

 

2026-жылдын 16-январында №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде «Автомобиль кранынын айдоочусу» багыты боюнча кыска мөөнөттүү курстун бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик квалификациялык экзамени болуп өттү.

Заманбап эмгек рыногунда жумушчу кесиптерине, өзгөчө оор техниканы башкаруу боюнча адистерге болгон суроо-талап өсүүдө. Ушул максатта уюштурулган кыска мөөнөттүү окутуу программасы окуучуларга кыска убакыттын ичинде теориялык билимди жана практикалык көндүмдөрдү терең өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Бүгүнкү күндө курулуш жана темир жол тармагында автомобиль кранынын айдоочусунун орду чоң. Биздин максат — кыска мөөнөттө сапаттуу билим берип, бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумуш менен камсыз болушуна шарт түзүү,” — деп белгилешти окуу жайдын жетекчилиги.
Экзаменди ийгиликтүү тапшырган окуучуларга мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар тапшырылат, алар темир жол тармагында жана курулуш компанияларында иштөө укугуна ээ болушат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *