Профориентационная работа в Тогуз-Тороуском районе Жалал-Абадской области.
2025-жылдын 12 февралында Бишкек шаарындагы № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейинин мугалимдер жамааты Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна үч күндүк профориентациялык иш-сапар менен барып келди. Иш-сапардын максаты — аймактын жаштарын кесиптик лицейде окутуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, ошондой эле окуучулардын кесиптик багытын аныктоого көмөктөшүү.
Иш-сапардын жүрүшүндө мугалимдер Тогуз-Торо айылынын мектептеринин окуучулары менен жолугушуп, аларга лицейдин программалары, окуу шарттары жана келечектеги иш мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат беришти.
№ 97 темир жолчулар кесиптик лицейинин мугалимдери жалпы 13 мектепке жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга Тогуз-Торо райондун акими Мураталиев М.М, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбеков Б.Т , мектеп директорлору , мугалимдер жамааты , ата-энелер жана окуучулар катышты.
«Биз бул иш-сапар менен жаштардын жүрөгүндө кесиптик тандоого болгон отту тутандырдык деп ишенебиз. Ар бир окуучунун өзүнүн талантын ачууга, кыялдарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөткүбүз келди», — дейт лицейдин директору Колопов А.С.