КМТУнун кесиптик кошуунунун төрайымы Абылаева А.А менен жолугушуу.
25.02.25 жылы Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейине Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) кесиптик кошуунунун төрайымы Абылаева А.А жолугушуу өткөрдү.
Ал өз сөзүндө Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кесиптик кошуундун ишмердүүлүгүн, анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө №97 кесиптик лицейинин профсоюз уюмунун мүчөлөрүн кызыктырган суроолорго жооп берди.
№97 кесиптик лицейинин директору Колопов А.С мындай жолугушуулар кесиптик кошуундардын ишин бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн белгилеп мындан ары да кызматташтыкты улантуу зарылдыгын баса белгиледи.