Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун күнү белгиленди!
2025-жылдын 3-мартында Бишкек шаарындагы №97 Темир жолчулар кесиптик лицейинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү.
Иш-чарага лицейдин жетекчилиги, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышып, Мамлекеттик Туунун тарыхы, анын мааниси жана мекенге болгон сүйүүнү даңазалаган баяндамалар жасалды.
Салтанаттын жүрүшүндө сөз лицейдин директору Колопов А.С мамлекеттик символдорго болгон сый-урмат ар бир жарандын ыйык милдети экенин белгилеп, окуучуларды мекенчил болууга чакырды
Бул иш-чара окуучуларды мекенчилдик сезимин бекемдөөгө, мамлекеттик символдорго болгон сый-урматын арттырууга чоң салым кошту.