Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара № 97 темир жолчулар кесиптик лицейинде өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара № 97 темир жолчулар кесиптик лицейинде өткөрүлдү
2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарындагы № 97 темир жолчулар кесиптик лицейинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага лицейдин окуучулары жана мугалимдер жамааты активдүү катышып, мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинин бай маданияты, көркөмдүгү жана терең мааниси даңазаланды. Салтанат концерттик программа менен коштолуп, анда окуучулар улуттук ырларды аткарып, кыргыз акындарынын чыгармаларын көркөм окушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө лицейдин директору Альберт Колопов Сексенбаевич төмөндөгүлөрдү белгиледи:
“Мамлекеттик тил – улуттук өзгөчөлүгүбүздүн, маданий мурасыбыздын өзөгү. Бүгүнкү иш-чара аркылуу биз жаш муундун тилибизге болгон сый-урматын арттырып, алардын мамлекеттик тилди терең өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөбүз. Лицей жамааты кыргыз тилинин өнүгүүсүнө жана коомдогу ордун чыңдоого ар дайым активдүү катыша берет,”
Бул иш-чара жаштардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырып, аны өнүктүрүүгө жана сактоого дем берүү максатын көздөдү. № 97 темир жолчулар кесиптик лицейи мындай маданий-агартуучулук иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп, кыргыз тилинин коомдогу ордун бекемдөөгө өз салымын кошуп келет.