Новостная лентаПоследние события

ИИМ кызматкери менен жолугушуу

 

25.02.25 жылы Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде ИИМ кызматкери окуучулар менен жолугушуп, рэкетчилик жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөргө укуктук жоопкерчилик, коопсуздук эрежелери жана кылмыштуу чөйрөнүн кесепеттери тууралуу маанилүү маалыматтар берилди.
Окуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышып, укуктук билимин тереңдетишти. Лицей жетекчилиги мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп, жаштарды мыйзамдуулукту сактоого жана жоопкерчиликтүү болууга үндөөнү улантат.
Лицейдин директору өз сөзүндө: “Биздин негизги максатыбыз – жаштарыбызга туура тарбия берип, аларды мыйзамды урматтаган, жоопкерчиликтүү жаран кылып тарбиялоо. Ушундай иш-чаралар окуучулардын укуктук аң-сезимин өстүрүп, кылмыштуулуктан оолак болууга көмөкчү болот.” – деп белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *