Uncategorized

«Иш берүүчү — кесиптик билим берүү жана жумушка орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү».

 

«Иш берүүчү — кесиптик билим берүү жана жумушка орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү».

2025-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биргелешип уюштурган «Иш берүүчү — кесиптик билим берүү жана жумушка орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү» деген аталышта тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын максаты кесиптик билим берүү тутуму менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулоо жана жаш адистерди жумушка орноштуруунун жаңы жолдорун иштеп чыгуу болуп саналат.
Талкууга мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын, бизнес түзүмдөрүнүн, ошондой эле Дүйнөлүк банктын жана Швейцария Өкмөтүнүн «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун, Helvetas Swiss Intercooperation уюмунун өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдо Бишкек шаарынын № 97 лицейинин директору А.Колопов лицейдин эл аралык ишмердүүлүгү боюнча кенири баяндама жасады.
Баяндамасында № 97 лицейдин Казахстан, Россия, Түштүк Корея, Германия жана Кытай мамлекетинин окуу жайлары менен болуп жаткан эл аралык иш чаралары тууралуу кеңири маалымат берди.
Азыркы убакта лицейдин бүтүрүүчүлөрү үчүн Германиянын, Түштүк Кореянын эмгек рынокторуна кеңири жол ачылып жатат. Ошондой эле Россиянын университеттеринен да бюджеттик негизде бүтүрүүчүлөр окуусун уланта алышат.
Андан тышкары мугалимдер, устаттар, окуучулар эл аралык сынактарга, илимий-практикалык конференцияларга ийгиликтүү катышып жаткандыгы боюнча тегерек столдун катышуучулары кеңири маалымат алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *