№ 97 темир жолчулар кесиптик лицейи акыркы эки жылда кесиптик билимди эл аралык деңгээлге көтөрүү, дуалдык окутууну жайылтуу жана тажрыйба алмашуу максатында Германия, Кытай, Россия жана Казакстан менен стратегиялык келишимдерге кол койду
№ 97 темир жолчулар кесиптик лицейи акыркы эки жылда кесиптик билимди эл аралык деңгээлге көтөрүү, дуалдык окутууну жайылтуу жана тажрыйба алмашуу максатында Германия, Кытай, Россия жана Казакстан менен стратегиялык келишимдерге кол койду.
Эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары:
Германия: «SPITZKE» темир жол компаниясы менен темир жол курулушу, логистика жана заманбап технологияларды окуу процессине киргизүү боюнча келишим түзүлдү.
Кытай: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорунун алкагында Кытайдын Темир жол илимдер академиясы (CARS) жана Ляонин темир жол институту менен ири магистралдык долбоорлор үчүн кадрларды даярдоо боюнча меморандумдарга кол коюлду.
Россия: «РЖД» АК, Ыраакы Чыгыш (Хабаровск ш.) жана Сибирь (Новосибирск ш.) мамлекеттик катнаш жолдор университеттери менен инновациялык тренажердук комплекстерде тажрыйба алмашуу иштери жүрүүдө.
Казакстан: Алматы, Атырау жана Караганда шаарларынын транспорттук, техникалык колледждери менен илимий-практикалык байланыштар бекемделди.
Тейлөө жана тамактануу багыты: Астанадагы «AstauFest» эл аралык фестиваль-конкурсунда лицейдин мастерлери менен окуучулары башкы байгелерди багындырышты. Түштүк Кореянын «Kaldi Kaffa» билим

