23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата №97 Темир жолчулардын кесиптик лицейинде салтанаттуу жыйын жана концерттик программа уюштурулду.

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата №97 Темир жолчулардын кесиптик лицейинде салтанаттуу жыйын жана концерттик программа уюштурулду. Иш-чаранын максаты — жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана аскердик салттарды даңазалоо.
Кеченин кадырлуу коноктору:
Окошев Таабалды Аскарович – Гвардиянын полковниги, СССРдин ВДВ ардагери;
Цуров Ваха Ахмедович – Гвардиянын лейтенанты, СССРдин ГШ МО ГРУ атайын багыттагы бөлүгүнүн ардагери;
Култаев Адыл Абдырахманович – Гвардиянын полковниги, СССРдин ВДВ ардагери;
Батырбеков Самат Мырзакматович – Гвардиянын старшинасы, СССРдин ВДВ ардагери, Ооган согушунун жана Баткен окуяларынын катышуучусу;
Романенко Виталий Гайнтинович – Гвардиянын сержанты, СССРдин Ички иштер министрлигинин (ВВ) атайын багыттагы бөлүгүнүн ардагери;
Маматов Абдукаххор Холмирзаевич – Гвардиянын улук сержанты, СССРдин ВДВ ардагери;
Исаков Ильяс Сайдинович – Гвардиянын катардагы жоокери, СССРдин ВДВ ардагери.
Майрамдык программа:
Лицейдин студенттери патриоттук ырларды жаңыртты, улуттук бийлерди аткарып, аскердик турмушту чагылдырган сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Ардагерлер студенттерге Мекен алдындагы жоопкерчилик тууралуу насааттарын айтып, келечек ээлерине ийгилик каалашты.
Уюштуруучулар билдиргендей, бул иш-чара студенттердин рухун көтөрүп, чыныгы мекенчилдиктин үлгүсүн көрсөттү. Салтанаттын соңунда конокторго сый-урмат көрсөтүлүп, лицей жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилди.
