№97 Темир жолчулар кесиптик лицейинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыктоочу педагогикалык кеңешмеси өттү
2026-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарынын
.
Педагогикалык кеңешменин жүрүшүндө окуу жылы ичинде окуу-тарбия, усулдук жана өндүрүштүк окутуу багыттары боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, билим берүүнүн сапаты, окуучулардын жетишкендиктери жана тарбиялык иштердин натыйжалуулугу боюнча жооптуу кызматкерлердин отчету угулду. Ошондой эле жүргүзүлгөн иштерге талдоо жасалып, орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар айтылды.
Мындан тышкары, 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча бир катар мугалимдер, өндүрүштүк окуутучу устаттар окуу тарбия жана усулдук иштерде жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, үзүрлүү эмгеги үчүн лицейдин администрациясы тарабынан белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында 2026-2027-окуу жылына карата билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу-тарбия иштерин өркүндөтүү, педагогдордун кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү жана лицейдин ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча айтылды.
Педагогикалык кеңеш кабыл алынган чечимдердин негизинде жаңы окуу жылында алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга багытталган иш-чараларды системалуу жүргүзүү зарылдыгы белгиледи.
