Uncategorized

№97 темир жолчулар кесиптик лицейинде педагогикалык окуу өткөрүлдү.

№97 темир жолчулар кесиптик лицейинде педагогикалык окуу өткөрүлдү.
Иш-чара «Алтын казык – билим сапатын камсыздоого багыт» темасында уюштурулуп, билим берүү системасындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого арналды.
Педагогикалык окуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн Концепциясы, 12 жылдык окутуунун модели, профилдик окутуунун мааниси, ошондой эле окуучулардын кесиптик ишмердүүлүгүн жана эмгек рыногундагы атаандаштык жөндөмдөрүн камсыздоо маселелери каралды.
Мындан тышкары, заманбап мугалимдин модели, кесиптик билим берүүдөгү мугалимдин философиялык багыты, окуу сапатын жакшыртууда окуучулардын акыл эмгегинин маданиятын өстүрүүнүн мааниси, маданий жана тилдик чөйрөгө ыңгайлашуу көндүмдөрү боюнча кеңири пикир алышуулар болду.
Ошондой эле жасалма интеллекттин жаңы муундун социалдык-маданий, акыл-эс жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө тийгизген таасири талкууланып, билим берүүдө санариптик технологияларды туура жана максаттуу пайдалануунун зарылдыгы белгиленди.
Бул педагогикалык окуу мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, билим сапатын камсыздоого багытталган натыйжалуу аянтча болуп, катышуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба алмашууга шарт түздү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *