Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
2026-жылдын 30-октябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Өз сөзүндө ал автомобиль транспорту жана жол куруу тармактарындагы жетишкендиктерге токтолуп, алдыдагы маанилүү милдеттерди жана пландарды белгиледи. Атап айтканда, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана 2026-жылы 1800 чакырымдан ашык автомобиль жолуна асфальт төшөө иштери өзгөчө белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын №97 темир жолчулар кесиптик лицейинин директору Альберт Колопов, окуу-өндүрүштүк жана методикалык иштер боюнча директордун орун басары Айсалкын Сабырбекова, өндүрүштүк окутуунун устаттары жана окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө транспорт тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн №97 темир жолчулар кесиптик лицейинин директору Альберт Колопов Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Иш-чара окуучулар үчүн транспорт тармагындагы жетишкендиктер менен таанышууга, кесиптин маанисин терең түшүнүүгө жана келечектеги кесиптик багытын аныктоого өбөлгө түздү.

